Бүгүн, 11-майда парламентте Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйын өтүп жатат.
Ага Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Ишенбай Кадырбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаевдер чакырылган.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толду. 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон кийин, 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган.
Баш мыйзам 30 жылда бир нече ирет өзгөрүүгө дуушар болду. Өлкөнүн башкы мыйзамы 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы 2006-жылы, соңкусу 2021-жылы өзгөртүлгөн. Референдумга жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун тандашкан. Конституцияга президент Садыр Жапаров былтыр, 5-майда кол койгон.
Кошумчалай кетсек, 5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.