• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште Текебаевдин ордуна келген депутат Абдылдаев ант берди

31 Жалган куран 2021 11:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат Шералы Абдылдаев ант берди. Ал партия лидери Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылгандан кийин ордуна депутат болуп келип жатат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Шералы Абдылдаев коррупция фактысы боюнча ачылган иште суракка жана соттук отурумдарга келбей жатканына байланыштуу УКМК тарабынан издөөгө алынган. Ал бул иште Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов менен бирге өтүп жаткан. Кийин ал ден соолугуна байланыштуу операция жасатуу үчүн Түркияга кеткени маалым болуп, тергөө убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 46