• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ЖКга жаңы депутат келди

28 Тогуздун айы 20219:50 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Юсуров Абдумажит Лелезович депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Ал Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болчу. БШК Юсуровдун арызынын негизинде анын парламенттеги ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын ордуна Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. Мындай чечим 27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган.

Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Количество просмотров: 207