• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

21 апреля 2021 в 16:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында «Бир Бол» партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Аманкул Токтоманбетов ант берди.

Ал депутаттык мандаты алынган Кубанычбек Жумалиевдин ордуна келди.

Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Ага таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Количество просмотров: 88