• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бообек Ажикеев кызматынан бошотулуп, министрдин милдетин Шамырканов аткармай болду

16 Бирдин айы 202612:10 Бишкек Govori.TV

Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.    

Количество просмотров: 148