• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус жуктуруп, оор абалда

15 Бугу 202019:06 Бишкек Govori.TV

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 2020-жылдын 5-майында COVID-19 коронарус инфекциясы диагнозу менен коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев түштү, дарылоо оор өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

«Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.


Количество просмотров: 401