• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жогорку Кеңештин төрагасы Беларус кесиптеши менен Бакиевдердин маселесин талкуулады

20 Бугу 201916:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынына катышуу үчүн Бишкекке келген  Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Беларусь Республикасында кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартуулусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи. Ал эми Владимир Андрейченко Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын алакасын жигердүү улантуу зарылчылыгын айтып:

“Жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген ишеничтебиз” ,– деди.

Количество просмотров: 15