Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине депутат Нурланбек Азыгалиев шайланды. Жашыруун добуш берүүдө 81 депутат анын талапкерлигин колдоп берди.
Вице-спикерликке Азыгалиевдин талапкерлигин «Элдик» депутаттык тобу көрсөткөн.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында төраганын орун басары болуп иштеген Улан Примов кызматын тапшырган.
Учурда вице-спикерлер Жамиля Исаева («Ата-Журт»), Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним»).