• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жаңы долбоорун Орусия колдоду

26 Чын куран 2021 16:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун көлөмү азайтылат. Мурда пландалган төрт ГЭСтин ордуна бирөө гана курулат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“ГЭСтин натыйжалуулугун көтөрүп, дизайнын өзгөртөлү деген сунушубузду Орусия жактырды. Сүйлөштүүлөр жүрүп жатат. Ушул тапта Орусиянын өкүлдөрү Бишкекке келди. Эми «РусГидронун» жетекчилерин күтүп жатабыз. Алар келсе келишимди жандандырып, долбоорду кайра иштетели деген оюбуз бар”, — деди министр.

2012-жылы Орусия каражаты менен башталган «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу 2016-жылы токтогон.

Ага Кыргызстандын “иш жылбай жатат” деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.

Орусия бул долбоорго «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. 2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Учурда бул объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 143