• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орусиянын Тажикстандагы аскердик базасына 70тен ашык жаңы аскердик техника жеткирилет

27 Үчтүн айы 2022 9:25 Бишкек Govori.TV

Быйыл Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасына 70тен ашык жаңы аскердик техника жеткирилет. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле аскердик жардам Орусиянын Кыргызстандагы базасына да берилет.

Азырынча коңшу эки өлкөгө аскердик техникалардын жеткирилиши боюнча кеңири маалыматтар жок.

2021-жылы августта Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Тажикстандагы орусиялык базага көптөгөн курал-жарактар берилген. Алсак, өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында 201-базага Т-72Б3М үлгүсүндөгү модернизацияланган 30 танк, АК-12 автоматтары, Ярыгин тапанчалары, ири калибрдеги АСВК-М снайпер мылтыктары жана «Шмель» пулемету жеткирилген.

Мындан тышкары өткөн жылы Тажикстанда Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бир нече аскердик машыгуулары да өткөн.

Тажикстандагы 201-база – Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири аскердик объектилеринин бири. Ал Душанбе менен Бохтар шаарында жайгашкан. Базанын курамында 7 миң жоокер жана офицер бар.

Количество просмотров: 701