• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку окуу жайга тапшыруунун биринчи туру башталат

31 Бугу 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына Жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшыруунун графиги тууралуу маалымат жарыялады.

Маалыматка ылайык, быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлиги бул жараян үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан.

Биринчи тур 12-17-июль күндөрү болот

12-14-июль — сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
14-июль саат 14:00 — сынакка катышуу үчүн каттоо аяктайт;
15-июлдан 9-июлга чейин — кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштыруу;
15-17-июль — абитуриенттин ЖОЖго тапшыруусу ырасталат.

Экинчи тур 19-23-июль күндөрү болот

19-21-июль — сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
21-июль саат 14:00 — сынакка катышуу үчүн каттоо аяктайт;
22-июлдан 9:00гө чейин — кирүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштыруу;
22-24-июль — абитуриенттин ЖОЖго тапшыруусу ырасталат.

Үчүнчү тур 26-31-июлда болот (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)

26-28-июль — сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
28-июль саат 14:00 — сынакка катышуу үчүн каттоо аяктайт;
29-июлдан 9:00гө чейин — кирүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштыруу;
29-31-июль — абитуриенттин ЖОЖго тапшыруусу ырасталат.

Количество просмотров: 482