• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку окуу жайга уурулукка кирген шектүү кармалды

21 Бирдин айы 2024 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жогорку окуу жайлардын бирине уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүү 1963-жылы туулган Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну. Ал окуу жайдын имаратына Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция менен кайтарууда турган окуу жайдын ачкыч тандоо жолу менен кирип, баасы 73 миң сомдук компьютердин жабдыктарын уурдап чыгып бара жаткан жеринен кармалган.

Бишкек шарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө билдирип, Ошол замат ыкчам кармоо тобу жиберилген.

Кармалган жаран Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 143