• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат

3 Теке 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Билим берүү жана илим министрлиги 2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирет.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү:

  • I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
  • II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
  • III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
  • IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Количество просмотров: 89