• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Гүлжан Шерипбаеваны актаган өкүмдөрдү колдоду

9 Кулжа 202517:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун соттук коллегиясы 9-июнда Nazar News сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеванын ишин карап, аны актаган райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн күчүндө калтырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр декабрда «Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок» деген негизде актаган. Кийин ушул эле өкүмдү Бишкек шаардык соту да колдогон.

Шерипбаева 2023-жылы 18-ноябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 129