Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалды. Бул тууралуу анын жакындары билдиргенин «Азаттыкка» жазды.
Маалыматка ылайык, Шерипбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кетишкен.
«Саат 12лер чамасында эжем иштеген кеңсеге өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, эч кандай чакыруу кагазы жок эле, «сүйлөшүү үчүн» деп чакырып, алып кетишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эжемди мамлекеттик адвокаттын катышуусунда суракка алышып, эки суткага камакка алышыптыр. Биздин адвокат УКМКга эми бара жатат», — деди иниси Майрамбек Каримов.
Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш чамасында Фейсбуктагы баракчасына жазган.
УКМК анын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.