• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевди актады

14 Үчтүн айы 202513:01 Бишкек Govori.TV

13-январда Жогорку Сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевди карап, актоо өкүмүн чыгарды.

Самаев 2023-жылдын 17-апрелинде «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кеп Токмоктогу жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуп, түшкөн акчанын бир бөлүгү шаар башчысына которулганын билдирген. Келтирилген чыгым 130 миллион сомго бааланган. 19-апрелде ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, 29-апрелде үй камагына чыгарылган.

Ал өзү 130 миллион сомдун 25 миллион сомуна айып тагылганын билдирди. Бирок, анын айтымында, бул байланыштар 2016, 2017, 2018-жылдары болгон. Мындан тышкары, айлык алып, ишти түздөн-түз аткарган ишкананын жетекчилиги бар, дейт Самаев.

Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор аны Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча күнөөсүз деп таап, кылмыштын курамы жок деп актаган. Бирок ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 1 миллион сом айыпка жыгылган.

Самаев 2021-жылдын августунда Токмок шаарынын мэри болуп шайланып, 2023-жылдын май айында кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 197