Жогорку сот Мавлян Аскарбековдун ишине чекит коюп, аны актады
Жогорку сот Мавлян Аскарбековдун ишине чекит коюп, аны актады
2 Тогуздун айы 201813:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку сот «Эркин эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун ишин кыскартуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу жарандык активист Тимур Саралаев өздүк баракчасына жазды.
Тактап айтканда, ал «соттолгон эмес» деген макамга ээ болду.
Эске салсак, быйыл 13-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Аскарбековго карата чыккан Биринчи май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, ага салынган айыппулду алып салган жана Аскарбековдун чет жакка чыгышына тыюу салган чечимди жойгон. Ал эми райондук соттун аны күнөөлүү деп тапкан чечими күчүндө калтырылган. Мавлян Аскарбеков бул чечимге макул эмес экенин айтып, Жогорку сотко даттанаарын билдирген.
Белгилей кетсек, Мавлян Аскарбековго Башкы прокуратура 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда «бийликти басып алууга чакырган» деп айтыптап, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (бийликти күч менен басып алууга үндөө) менен кылмыш ишин козгогон.