• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку Сот Молдомуса Конгантиевди актады

3 Кулжа 2020 12:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди толук актады. Бул тууралуу жактоочу Икрамидин Айткулов билдиргенин АКИpress агенттиги жазды.

Айыптоочу тараптын маалыматы боюнча, М.Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон, анын ичинде Таластагы баш аламандыкта кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкан деп айыпталып жаткан. Ал учурда укук коргоо органдары нааразы болгондорго карата курал колдонгон болчу.

Ошондой эле 2005-жылы Жалал-Абаддагы бөлүктүн башчысы болуп турганда УКМКнын облустагы башкармалыгынын имаратында сабалган жаранга (эркек киши) жардам берген эмес.


Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту актоо чечимин 2019-жылдын 5-июлунда чыгарган болчу. Бишкек шаардык соту дагы бул өкүмдү күчүндө калтырган

Количество просмотров: 162