Бүгүн, 14-февралда Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына ЖКнын төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязов жана башка бийлик өкүлдөрү, коомдук, саясий ишмерлер жана жакындары катышууда.
Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумду. Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.