Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаргүл Нурбаева каза болду.
ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Нурбаева бүгүн, 21-январда дүйнө салган.
«ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, ардагерлер кеңеши, генералдар клубу жана Ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин өмүрлүк жары Базаргүл Нурбаева дүйнөдөн кайтканына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Конгантиев 2008-2010-жылдары Ички иштер министрлигин жетектеген.