• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку сот “Женгонун” ишин кайра кароого жөнөттү

30 Аяк оона 202217:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот “Женго” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досоновдун ишин кайра кароого жөнөттү. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 21-сентябрда эки инстанциянын чечими жокко чыгарылган.

Эскерте кетсек, Ош облустук сотунун чечимине ылайык, Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Количество просмотров: 203