• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагалыгына талапкерлер тандалды. Алар кимдер?

2 Бирдин айы 202212:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун жана Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырды.

Алардын талапкерлигин бул кызматтарга мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан президент менен Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштады.

Буга чейин парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Замирбек Базарбеков Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында кармалып, соттолгондон тартып анын адвокаты болгон.

Ал эми Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган.

Количество просмотров: 443