• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жол ачык! Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолундагы чектөө алынды

28 Тогуздун айы 202415:49 Бишкек Govori.TV

Аба-ырайы турукташкандыгына байланыштуу Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолундагы чектөө саат 15:00дө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, саат 12:00дөн тартып Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин (Сары-Таш айылынан Нура айылына чейин) унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген .

Теги:
Количество просмотров: 125