• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жол, аэропорт, аянтчалар. Талас шаарында кандай өзгөрүүлөр бар?

11 Бештин айы 2023 13:20 Бишкек Govori.TV

Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев 6 ай ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, шаарда жол, таза суу маселеси жөнгө салынууда.

«Шаар курулушта 6 ай мөөнөт өтө аз. Бирок ошентсе дагы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарынын ички жолдорунун төрттөн бир бөлүгү жасалып бүтүп калды. Мындан сырткары Эшим Кутманалиев атындагы стадионду реконструкциялоо иштери жүрдү. Ага жергиликтүү бюджеттен шаардык кеңештин депутаттары 15 млн сом каражат бөлүп беришти, ошондой эле мамлекет башчынын фондунан 10 млн бөлүндү. «Талас» аэропортун модернизациялоо иштери аяктоо алдында турат»,-деди ал.

Мурдагы мэрдин ишин улантып жатканын айткан Джумаев шаардагы саркынды сууларды ирээтке келтирип, калаа тургундарын таза суу менен камсыз кылууда алгылыктуу иштер жасалып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 88