Бишкекте жол эрежесин одоно бузган №212 автобустун айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, каршы тилкеге чыгуу менен, кооптуу абал жараткан айдоочуга Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15 миң сом айып салынды.
Буга чейин карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин одоно бузган коомдук унаанын айдоочусунун видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.