• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жол кайгуул кызматкерлерин шылдыңдаган видео премьер-министирдин ачуусун келтирди (видео)

15 Бештин айы 2017 13:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.12.2017. Govori.TV. Акылай Маратова

Мындан бир нече күн мурун ютуб каналында атайылап жол эрежесин бузуп, жол кайгуул кызматкерин мазактап, ал өзүнүн жумушун жакшы билбейт деген видео тасма тараган.

Видео тасмадан айдоочу жол эрежесин бузгандыгына карабай документтерин бербей жатканын көрүүгө болот.

Мындан сырткары бул видео тасмадан айдоочу кыргызча билберин, жол кайгуул кызматкерин орусча түшүндүрүп берүүсүн талап кылган.

Айдоочулар жол кайгуул кызматкерлерин шылдындап жаткан видео тасма премьер-министр Сапар Исаковдун ачуусун келтирди. Ал жол коопсуздугу боюнча өкмөттүн жыйынында Биз кандай мамлекетте жашап жатабыз? Мындайга жол бербешибиз керек деп Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын жетекчиси Жумагазиевге кайрылды.

 

Бирок, жол кайгуул кызматкерлеринин эл арасында аброюн кандай жогорулатыш керек, өкмөттүн атайын жол коопсуздугу боюнча жыйында айтылган жок.

 

Количество просмотров: 18