• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жол кайгуул кызматкерлеринин жаңы формасы (видео)

5 Үчтүн айы 2018 18:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.01.18. Govori.TV

2018-жылдын 4-январынан тарта Бишкек шаарындагы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ишке жаңы форма менен чыгып башташты.

Жаңы форманын артында «ИИМ» деп жазылган. Мындан сырткары форма ыңгайлуулугу жана жарыкты чагылдыруучу атайын тасмалары менен айырмаланат.

 

«Бишкек шаарында жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылган 257 кызматкерге жаңы форма берилди. Ар бир кызматкерге берилген жаңы форманын мөөнөттөрү да каралган. Кышында кийүүчү форманын убактысы көбүрөөк болсо, жайында жана жазында берилген формалардын мөөнөттөрү каралган»,- дейт Жол кайгуул кызматынын батальон командири Жээнбек Болшевиков.

Эске сала кетсек, укук коргоо органдарынын  системасын реформалоонун алкагында Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү болуп өзгөргөн. Мындан сырткары, бир нече жаңы кызматтар да кошулган.

Количество просмотров: 16