• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

 Жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды

15 Үчтүн айы 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, тарифти жогорулатуу токтомуна эс алуу күндөрүнө байланыштуу кол коюу процедурасы бүтпөй калган.

Азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен төлөй беришет. Токтом качан даяр болору жана кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча белгисиз.

Эске салсак, жаңы токтом кабыл алынып калса, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот. Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда кабыл алынган токтомго ылайык, тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий маалымдалган.

Теги:
Количество просмотров: 222