• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жол кыймылынын эрежелеринин жаңы редакциясы иштелип чыкты

24 Бештин айы 2019 16:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан «Жол кыймылынын эрежелерин жана Унаа каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттеринин негизги жоболорун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Документ жол кыймылын уюштурууну өркүндөтүү, жол-транспорт кырсыктарынын санын төмөндөтүү жана жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

Белгилей кетүүчү нерсе, аракеттеги жол кыймылынын эрежелери 1999-жылы кабыл алынган жана бүгүнкү күндө, ЖКЭнин аракеттеги редакциясында караштырылган көпчүлүк терминдер, моралдык жактан эскирген.

Мындан тышкары, ЖКЭнин аракеттеги редакциясында көпчүлүк заманбап түшүнүктөр жок, ал эми аларды өз алдынча долбоор менен киргизүү техникалык жактан татаал. Ошону менен бирге ЖКЭнин аракеттеги редакциясында түшүнүктөр аппараты сандар же тамгалар менен бөлүнгөн эмес, алар алфавиттик тартиптеги абзацтар менен жазылышкан, бул дагы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү татаалдаштырат.

Жол кыймылынын жаңы эрежелери түшүнүк аппаратында сыяктуу эле, долбоордун түзүмү боюнча дагы бүтүндөй бир катар жаңы киргизүүлөрдү камтып турат. Алсак, жол кыймылынын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери, айдоочулардын укуктары жана милдеттери жана башка өзгөчө учурлар жөнүндө жаңы бөлүмдөр киргизилүүдө.

Мындан тышкары, долбоордо киргизилип жаткан жаңы түшүнүктөргө ылайык жаңы белгилерди киргизүү, ошондой эле алардын сүрөттөрү менен бирге белгилердин эскиздерин киргизүү караштырылууда.

Өзгөртүүлөр «жол белгилери жана алардын мүнөздөмөлөрү» бөлүгүнө да тиешелүү, ал эми транспорт каражатын пайдаланууга уруксат берүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттенмелери боюнча негизги жоболор Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентинин талаптарына ылайык шайкеш келтирилген.

Бул долбоордо Жол кыймылынын эрежелериндеги бардык акыркы өзгөртүүлөрдү камтыйт, ал эми аны иштеп чыгуу жана жайылтуу мезгил талабы болуп саналат.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 246