Бир жумада 290 мас айдоочу аныкталды
18 Баш оона 202517:53 Бишкек Govori.TV
Алдын ала маалымат боюнча, 11-августтан 17-августка чейин 22 294 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 893;
мас абалында унаа башкаруу – 290;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 170;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 845;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 937;
авто ээнбаштык – 49;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 454;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 527;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 097 унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Подписаться:
Количество просмотров: 121