• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган жыйын өттү

10 Үчтүн айы 202515:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы кызматташтыкты талкуулаган жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробеков катышты.

Анда жолдогу коопсуздук чараларын күчөтүү, кырсыктарды алдын алуу, жол кыймылынын эрежелери жөнүндө калкка маалымат жеткирүү жана айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Министр Абсаттар Сыргабаев отурумда көтөрүлгөн айрым көйгөйлөрдү кыска аралыкта жоюу боюнча чаралар жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

Количество просмотров: 254