• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жол кырсыгына кабылган балдарга жардам керек

12 Чын куран 2019 10:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

7нен 8-апрелге караган түнү Юнус Дунларов көпүрөсүнө жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анда 30 жаштагы Манас Дайырбеков аттуу жаран каза болуп, аялы менен 8 айлык баласы оор абалда ооруканада жатышат. Алардан тышкары унаада дагы 3 кызы болгон. Алар азыр Бишкек шаардык №3 ооруканага жайгаштырылган.

Кырсыктан жабыркаган үй бүлөөгө жардам керек. Көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандар үчүн балдардын тайенеси менен төмөндөгү номур аркылуу байланышса болот.
0708687781 Айжан.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=649726815471551&set=a.119764288467809&type=3&theater&ifg=1

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган үй-бүлөө Бишкекке Балыкчыдан келе жатышкан. Унаа даракты сүзүп андан соң бир нече жолу оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге келген тез жардам кызматы энеси менен үч кызын гана ооруканага алып келишкен. Ал эми 8 айлык ымыркайды жардам берүү үчүн токтогон таксист алардын артынан алып келген. Унаа кырсыкка кабылган учурда бала айнектен ыргып кеткен. Аны тез жардам кызматкерлери байкабай калышкан.

Количество просмотров: 145