• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү кечеси өтөт

21 Жетинин айы 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Жол кырсыгынан каза болгон эстрада ырчысы Бекжан Темирханды эскерүү кечеси 9-декабарда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти сыймык Бейшекеев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эске салсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында болгон жол кырсыгынан ырчы Бекжан Темиркан каза болгон. Кырсык 10-ноябрда түнкү саат 22:30 чамасында катталган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда айдоочу бараткан автоунаа жолдон чыгып, бийиктиктен кулап түшкөн. Автоунаанын айдоочусу жараат алып, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Анын жүргүнчүсү — 27 жаштагы Бекжан Темиркан ошол жерден жан берген.

Количество просмотров: 766