• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бекжан Темирхандын ата-энеси Бишкектен үйлүү болушту

17 Бештин айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Ырчы Бекжан Темирхандын ата-энеси Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринен үйлүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеев билдирди.

«Бекжандын ата эне бир туугандарына Бишкек шаарына караштуу жаңы конуштан ушул үй буюрган экен. Бүгүн баштапкы төлөмүн бердик, дүйшөмбү күнү толук акчасын берип үйдү атасынын атына каттатып, керектүү кээ бир эмеректерин алып, кышында жагууга көмүр отунун камдоо менен көчүрүп киргизебиз. Түлөө берип Бекжанга куран окутабыз. Толук маалыматты ошондо беребиз. Баардык колдоо кылган мекендештерибизге алкыш айтабыз, айкөл элден айлансак аздык кылат. Баарыңыздарга Бекжандын арбагы ыраазы болсун!»,-деп билдирди ал.

27 жаштагы Бекжан Темирхан үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Боом капчыгайында жол кырсыгына кабылып каза болгон. 12-ноябрда ырчынын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген. Ырчынын тилегин аткаруу максатында анын үй-бүлөсүнө борбор калаадан үй алып берүү үчүн атайы эсеп ачылган.

Количество просмотров: 14528