Таанымал ырчы Бекжан Темирхан каза болду. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчы 10-ноябрда кечинде Боомдо жол кырсыгынан каза болгон.
Бекжан Темирхан 1996-жылы Аксынын Кызыл-Жар айылында төрөлгөн.
Анын аткаруусундагы «Эзилип бүттүм», «Кантем», «Шекерим» жана башка көптөгөн ырлары коомчулуктун көңүлүнөн түнөк тапкан.
Govori.TV агенттиги Бекжан Темирхандын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.