• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Жол кырсыкта каза болгондордун сөөгү эртең өлкөгө алынып келинет

22 Баш оона 202217:48 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү 23-августта Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына 23-августта учуп кетип, ошол эле күнү саат 18:00дө Ошко келип конот. Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, дагы бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, сөөктү маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткиребиз», — деди Ажикеев.

Количество просмотров: 335