• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Жол кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга качан алынып келинет?

22 Баш оона 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери тергөө иш-чараларына катышуу үчүн Ульяновск районундагы кырсык болгон жерге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун сөөгүн алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

«Бирок бул соттук-медициналык экспертизадан жана компетенттүү органдардан алып кетүүгө уруксат алгандан кийин ишке ашат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги ачкан ишеним телефонуна каза болгондордун жакындары кайрыла баштаганы белгилүү болду. Министрликте байланышка чыккан жакындарынын так санын азырынча атай алган жок.

Ульяновск облусундагы жол кырсыгында 16 адам каза болуп, алардын 14 кыргыз жарандары экенин белгилүү болду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы үч адам ооруканага түшкөнүн, алардын жарандыгы такталып жатканын кабарлады. Каза болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашадан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтканы жазылат.

Количество просмотров: 7548