• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жол кырсыктарын азайтууга көрүлгөн аракет

4 Тогуздун айы 201817:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Бүгун, жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери менен жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери коомдук тартипти сактоого ундөгөн “Жүргүнчү” аттуу рейд уюштурулуп жол эрежелерин сактоо маселеси текшерилди. Мектептердин айланасында болгон бул иш чаранын алкагында жаш жеткинчектердин жолдон өтүү коопсуздугу негизги маселе катары каралып, кызматкерлер жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдо жүрүүнүн жол-жобосун түшүндүрүштү.
Жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунда Кыргызстанда акыркы беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталганы айтылган. Анда жалпысынан 582 бала каза болгон. Андан бери дагы 8 294 бала ар кандай жараат алган.

 

Количество просмотров: 57