Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Эрназар Акматалиев Москвадагы эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу аталган мелдештин сайтында маалымдалат.
Грек-рим күрөшүнүн 60 кг салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон россиялык Анвар Аллахьяров менен күрөштү. Шаршенбеков 3:6 эсебинде утулуп жатып, аягында 9:6 эсебинде атаандашын артта калтырды.
Ошондой эле 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев PWL лигасынын мурунку чемпиону россиялык Иналбек Шериев менен килемге чыкты. Бул кармашта да кыргыз балбаны 8:6 эсебинде жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын экинчи этабы (PWL-2) 13-14-октябрда Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өттү. Мелдеш рейтингдик жана дүйнөлүк серияларга бөлүнүп, балбандар бири-бири менен күчүн сынашты.