• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Олимпиада -2024: Жоламанды атаандашы Кеничиро Фумита 4:3 упай менен жеңип алды

6 Баш оона 20241:32 Бишкек Govori.TV

6-августтагы Олимп оюндарында Жоламан Шаршенбеков жарым финалда япониялык спортчу Кеничиро Фумитага бир упайга, тагыраагы 4:3 упай менен утулуп калды. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.

Белгилей кетсек, 5-августта кыргызстандык спортчу 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3 упай менен, 1/4 финалда румыниялык Арнаут Рэзванды 10:0 упай менен жеңген.

Жоламан Фумита менен буга чейин эки жолку кез келген. Алар биринчи жолу 2020-жылы Азия чемпиондугунун финалында беттешип, Фумита 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Экинчи жолукусунда 2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында беттешип, анда Жоламан 11:6 эсебинде жеңип алган.

Количество просмотров: 195