Жоламан Шаршенбековдун негизги атаандашы делген Азербайжандык Европа чемпиону Мурад Маммадов Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында алгачкы беттешинде эле жеңилип калды.
1/8 финалда Маммадов венесуэлалык Райбер Хосе Родригес аттуу балбан менен кез келип, 6:5 эсебинде жеңилди.
Белгилей кетсек, Мурад Маммадов Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбековдун негизги атаандаштарынын бири болчу. Буга чейин ушул эле салмакта дагы бир сенсация болгон. Анда
баарыбызга белгилүү Виктор Чобану түндүк кореялык балбанга жеңилип калган.