Бишкек. 15.01.18.Govori.TV
Бүгүн 15-январда фейсбук баракчасынын колдонуучусу Марк Маркович өзүнүн баракчасына «Тазалык» кызматкери күндүн суугунда кол капсыз жолдогу карды колу менен тазалап жүргөн видеосун жүктөгөн.
https://www.facebook.com/100012733486828/videos/410962232671556/
Govori.TV сайты «Тазалык» муниципалдык ишканасына кайрылганда «Тазалык» пландоо бөлүмүнүн башчысы Эсенов Мурат төмөнкүлөргө токтолду.
«Бизге бөлүнгөн техниканын жардамы менен жолдогу карды тазалап, жолдун четиндеги карларды кол менен тазалоого туура келүүдө. Баардыгы бизге бөлүнгөн акча каражатына көз каранды. Ал эми учурда 550 тазалык кызматкери жана күнүмдүк жумушка чыккан 40 жумушчу шаарды тазалап жатат. Азыркы учурда шаардын канча пайызы тазаланганын айта албайм. Бишкек шаарында 100% пайыз эл жашаса анын 5% пайызы гана тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.» -дейт Эсенов.
Мындан сырткары «Тазалык» муниципалдык кызматкерлеринин 4 тазалыктын унаасы жанан 5 кичитрактору бар экенин кошумчалады.