Бишкек шаарында 2024-жылдын 15-июлунда Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылган.
Бүгүн, 2024-жылдын 16-июлунда Юнусалиев көчөсүнүн Сүхэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Буга байланыштуу No 42, 166, 226, 222, 216, 212, 195, 105, 152, 49, 52, 169 жана 145-автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.