• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жолдубаева: ИИМдин Атамбаевди кармоо пландары болгон, бирок алар чогулгандардын абалын көрүп токтотуп коюшту

19 Теке 201913:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн кармап кетүү боюнча ИИМдин пландары болгон, бирок алар чогулган тарапташтарынын абалын көрүп токтотуп коюшту. Бул тууралуу бүгүн Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чогулган тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөп жатып айтты.

«Ички иштер министрлигинде кечээ күч колдонуу менен Алмазбек Атамбаевди алып келүү тапшырмасы болгон. Бирок суракка үчүнчү чакыруу келгенде жактоочу ички иштер министрине кат менен кайрыла турганын билдирген болчу. Эмне себептен ИИМ эртең мененкиге чейин унчукпай туруп, бир убакта эле «бул маалымат чындыкка жатпайт» деп чыга калышты? Менимче, алар Атамбаевдин Кой-Ташта чогулган тарапташтарынын абалын көрүп, бул ишти токтотуп коюшту. А бирок бүгүн аны кармап кетүү пландарында болгон», — деди Жолдубаева

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүнө чогулушуп «Элдик штаб» түзүп, топтолуп турушат.

Эске салсак, Атамбаевдин кол тийбестик макамы Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда алынган.

Количество просмотров: 27