• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жолдубаева менен Карамушкина үй камагында калды

5 Бирдин айы 20209:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина менен КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага 9-апрелге чейин үй камагында калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Алар 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 9-апрелге чейин үй камакта болот.

Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкина Кой-Таш окуяларында «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Количество просмотров: 123