• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

 «Жоогазын революциясына» 19 жыл. Жапаров кайрылуу жасады

24 Жалган куран 2024 10:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Соңку тарыхыбызда коррупцияга чырмалышып калган авторитардык бийликке каршы күрөш кечээ жакында белгиленген Аксы окуясынан башталып, мына бүгүн эскерилип жаткан 24-марттагы Элдик революция, 7-Апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып келгендиги баарыбызга маалым.

Кыргыз эли — эзелтен сабырдуу эл, айкөл эл. Баарына чыдамы жетер, бирок адилетсиздик менен эгерим элдешпеген, сабыры түгөнүп жаалданып алса, эч бир күч токтото албаган өжөр эл. Мына ошол 2005-жылдын 24-мартына чейин эле коррупцияга белчесинен баткан, үй-бүлөлүк башкаруусун билмексен болгон текебер бийликке эскертүү берип, сес көрсөтүп, акыры элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондордун эсебин колуна берип, тарыхый бурулуш жасаган.

Ошентип, кыргызстандыктар эгемен мамлекетте эркин жашоо чыныгы бакыт экенин, адилет башкаруу, биримдик өкүм сүргөн жерде өнүгүү болорун, калыстыкты туу туткан эл экенин дүйнө жүзүнө жар салган.

Мамлекеттүүлүккө таасири зор мындай өзгөчө окуя, урунттуу учурлар баарыбызга сабак болушу керек! Баш мыйзамыбызда бадырая белгиленип жазылган бийликтин чыныгы ээси эл экенин эч качан унутпашыбыз зарыл. Эл жөндөн жөн эле толкубастыгын, негизи жок эле козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет. Кокус мунун баарын көз жаздымда калтырып, кайдыгер мамиле кылсак, бийликтин ээси болгон элибиз дагы, калыбынан жазбаган карт тарых дагы кечирбейт!

Кут-берекеси төгүлгөн жерибиз, каада-салты, нарк-насили менен жашап, ток пейил тарткан калкыбыз бар. Мына ушундай касиеттүү жерде ырыс-кешиктүү элибиздин үмүт-тилегин актоону башкы милдетибиз, калк кызыкчылыгына багытталган реформаларды ишке ашыруунун башкы максатыбыз деп билебиз.

Урматтуу мекендештер! Эгемен Кыргызстаныбызга адилеттүү башкаруу жана ынтымак керек. Ошондо өнүгүү болот, ошондо өсүү болот. Журтубуздун биримдиги арта берсин, эл кызматындагылар элдин үмүт-тилеги менен максат-мүдөөсүнө жетүүсүн камсыз кылалы. Эгемен Кыргызстан үчүн баарыбыз жоопкерчиликти сезе билели.

Өлкөбүздө тынчтык болсун!”

Количество просмотров: 138