Кыргызстандын Чек ара кызматынын жоокери кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болуп жаткан жеринен видео кайрылуу жасады.
“Жолдош полковник, саат 10:10гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашууларга карабастан, Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларынын жооптуу аймактарында ок атууну улантып жатышат. Ошондой эле Кызыл-Бел айылындагы аскердик жана жарандык инфраструктураны аткылоодо. Жолдош полковник, бир сантиметр жерди дагы бербейбиз, артка чегинбейбиз! Биздин жоокерлер акырына чейин турушат!” — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы тараптардын жолугушуусу үчүн ок атпоо келишими түзүлгөнүн, бирок тажик тарап аны аткарбай жатканын билдирген.