• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Жоомарт Карабаев камакта калды

23 Теке 202419:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди камакта калтырды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

3-июлда Биринчи май райондук соту Карабаевди 19-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечимин чыгарган. Бул чечим боюнча экинчи инстанцияга апелляциялык арыз жазылган. Бүгүн Бишкек шаардык сот арызды карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Количество просмотров: 232