• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоомарт Карабаевдин кийинки соту 14-октябрда болот

8 Тогуздун айы 202417:18 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 8-октябрда Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши каралды. Бирок сот отуруму 14-октябрга жылдырылды.

Соттук отурумдун жылдырылышынын себеби Карабаевдин айыптоо актысын окубагандыгы болду.

Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсүнүн кысымына кабылганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон.

УКМК кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Количество просмотров: 110