Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабын алдамчылык фактысы менен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБи билдирди.
2024-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.С.
аттуу жаран чала тааныш А. аттуу жаранга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 2024-жылдын февраль айында ишенимге кирип, алдоо жолу менен «Киа К5» маркасындагы унааны сатып алып жана бир жарым ай ичинде акчасын төлөйм деген шылтоо менен 15 миң АКШ долларына бааланган унааны ээлеп алган. Андан соң өз убагында кайтарып бербей белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР
Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1986-жылы туулган М.Б. аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.